Menu

Видео – Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Милиция “алдамчылык” беренеси менен “жарандык мамилени” ажырата албай убара болушууда”

Бөлүшүү:

Милиция “алдамчылык” беренеси менен “жарандык мамилени” ажырата албай убара болушууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди.

“Укук коргоо органдарынын жетекчилерине жана тергөөчүлөргө кайрылуум бар. Биздин негизги мыйзамыбыз Конституциянын 20-беренесине таянсак “Келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизиндей эле адамды эркиндигинен ажыратууга тыюу салынган”. Ушуну менен биргеликте Конституциянын 96-беренесине кайрылсак “Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча КРнын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет”. Жакында Жогорку соттун пленумунун токтому чыкты. Бул токтомдо так көрсөтүлүп турат. Кайсыл учурда “Алдамчылык”, кайсыл учурда “Жарандык мамиле” болот.

Менин байкаганым боюнча бүгүнкү күндө өтө көп фактылар каттоодон өттү. Мисалы, 2 адамдын ортосундагы мамиле бирөө акча берип, алып ошонун квалификациясын туура эмес колдонуп жатышат. Жарандык мамиле болсо – ал мыйзам боюнча сотко барышы керек. Бирок сотко барганда ал жерде убакытты көп талап кылат. Ошондуктан көпчүлүк учурда Ички иштер органдарына барып, милицияга арыз жазышат. Милициялар кылмыш ишин козгоп, ошол кылмыш ишинин алкагында иликтөө иштерин жүргүзөт. Бирок жыйынтыгында бул жерде “Алдамчылык” жок экен, “Жарандык мамиле” экен деп туруп ишти жабып койгонго мажбур болууда. Муну менен убакыт кетип жатат. Эки тарапты кыйнап жатабыз. Жогорку соттун пленумун алып ИИМне жиберип, практикада колдонуш керек”, – деди депутат Тынчтык Шайназаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: