Menu

КСДП жаңы лидерин кууп түшөбү?

Бөлүшүү:

«КСДП экиге бөлүнүп калган жок, Атамбаевди ашып кетсе ончакты мүчө колдойт, партия анын менчиги эмес» деген мурунку Чүй губернатору Сагынбек Абдрахманов башка ветеран партиялаштарын уюштуруп, азыркы учурда Саясий кеңеш мүчөлөрүнүн эшиктерин каккылап, тез арада жаңы кезексиз съезд чакырылышын талап кылууда. Жоон топ депутаттар макул деле болуп атыптыр. Партия уставы боюнча съезд чакыруу эрежелерин атайын татаалдаштырып, чиймелектетип коюптур Атамбаев. Бирок С.Абдрахманов «биз баары бир съездди  өткөзөбүз, алты дубандын парт.уюмдары колдошот, Атамбаевдин менчиги эмес, биздин балдар кан төккөн, анан биз кол шилтеп отурмак белек» дейт. Көк-Жар, Беш-Күнгөй, Арашан айылдарынын аксакалдарынын батасын алган С.Абдрахманов «КСДП большевик-меньшевик болуп бөлүнүүгө негиз жок, партиянын он миңдеген мүчөлөрү азыркы учурда акыркы жети жылдын ичинде коррупцияга жол ачкан ТЭЦ же Жерүй сыяктуу кылмыштардын аягына чейин иликтелишин талап кылууда» дейт.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: