Бүгүн, 18-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
– Оорулар менен байланышта болгондорду издөөдө эмнеге аскер кызматкерлерин тартса болбойт? Мисалы, Кытайда медиктерге жардамга аскер кызматкерлери келди. Ал эми биздин дарыгерлер күнү-түнү дебей үймө-үй кыдырып, ошол оорулар менен байланышта болгон жарандарды даректери менен издеп жатышат.
-Бул маселе бизде чечилген, эгер зарылчылык болсо биз милиция кызматкерлерине кайрылабыз, биргелешип чечип жатабыз… -Врачтарды аскердик тартипте чакыруу башталыптыр, ал эмне максатта, канча врач кайда жөнөтүлүп жатат? -Ооба андай иштер башталды, бизге эпидемиологиялык иштерди, иликтөөлөрдү уюштурууга, эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзө ала турганга жарактуу медициналык кызматкерлерди, врач-эпидемиологдор, алардын жардамчылары, лаборанттарды аскердик тартипте чакырабыз.
Источник: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ