Menu

“Эрке баланын май токочу” же “еврейсиңби” деген эмне?

Бөлүшүү:

Ар бир улутту сыйлаш керек. Ар бир улуттун өзүнө таандык мыкты, ошол эле маалда терс дагы сапаттары бар. Арийне, Кыргызстанда баардык улутка сый-урмат артык. Ошол эле маалда айрым бир чектен чыккан журт бузарлар улут аралык нааразычылыкты туудуруп тураарын да унутпашыбыз керек. Айтсак, ушу тапта ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын Олег Запольский деген эргул жетектейт. Бир сөз менен айтканда анык эргул дагы, анык еврей дагы. Себеби, Кыргызстанда жашап, ушул өлкөнүн мамлекеттик кызматында иштеп туруп, өлкөнүн баалуулуктарын таптакыр танаары таң калтырат. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын Олег Запольскийдин улуттук баалуулуктарга нааразычылыгын айтууга да кез келээр. Сөз башкада…

Эске сала кетсек, 2019-жылдын июнь айында Германияда ири көлөмдө баңгизат заты кармалган. Аны немец-поляктардын бажы кызматтары чек арада кармашкандыгы тууралуу маалыматты голландия полициясы Deutsche Welle басылмасына билдирген. Маалыматта “Унаада 670 кг. героин Кыргызстандан барган. Ар бир 1.3 кг наркотик пакеттерде салынганы маалым болду. Балким, афган регионунан алынып, Бельгияга бара жаткан. Аны сатса €40 млн. дон €50 млн.го чейин пайда тапмак”,- деп жазылган маалыматта.

Айтмакчы, унаа грузин номери менен болуп, аны айдаган 63 жаштагы түрк айдоочусу наркотик тууралуу билген эмес. Айдоочу камакка алынган. Далил же тастыктоо катары төмөнкү (“12:16,20 июня 2019, Бишкек – 24.kg, Махинур НИЯЗОВА – “Задержание героина в ФРГ. На допрос вызвана хозяйка кондитерскои Аида Жолдошева”) материалды карасаңар болот.

Төрт чөң жүк ташуучу унааларды Германиягы жөнөткөндөр – алардын бирөөнө 670 кг, дагы бирөөнө 330 кг. наркотик салышкан. Калган эки унаа аларды “маскировка” кылыш үчүн коштоп барышкан. Баңгизатын ташып бара жаткан унаалардын бири Польша жана Германиянын чек арасынан 670 кг. жүгү менен кармалган. Бул маалыматты бир нече эл аралык маалымат булактары учурунда Кыргызстанга, анын ичинде Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына, анын жетекчилигине таандык экенин ырастаган документтер менен жазып чыгышкан.

Баса, ири наркотик ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Запольский Олег, Жайчибеков Алмаз жана Араев Азаматтыкы экени тар чөйрөдө ачык айтылып келет.

Арийне, алиге чейин аталган факты боюнча Кыргызстан тарап эч кандай чара көрбөдү.

Балким, бул жерде чоң каражат маселеси роль ойноп жаткандыр. Бирок, ошол эле маалда өлкөнүн кадыр баркына реалдуу доо кетип жатканын ким эске алат?

Балким, бул ишке президент өзү жооп берээр? Таң калыштуусу, Европаны дуу кылган мындай маалыматка айрым учурда акыйнек айтыша калчу Жогорку Кеңеш да унчукпаганы нени каңкуулайт? Ушу тапта айтылып кала турган Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын: “Еврейдин эрке баласынын май токочу”- деген аксиома анык болуп жүрбөсүн? Муну министр Жунушалиев да көзөмөлдөй албайт, а тургай премьер-министр Абылгазиев да ооздуктай албайт деген сөз чынбы?

Айжанат Субан кызы

Редакциядан: Олег Запольскийдин ишмердүүлүгү боюнча биздин редакцияга дагы бир катар фактылар боюнча кайрылуулар келип түштү. Учурда атайын журналистик топ иликтөөгө киришти. Оозубузду Ошту карата турган фактыларды келерки сандарда окурман журтуна тартуулайбыз. Күтө туруңуз..

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: