Menu

Кыргыз дзюдочулар Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган беделдүү мелдешке катышат

Бөлүшүү:

Кыргыз спортчулары Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президентинин кеңешчиси Абай Молдоканов билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш 27-29-октябрь аралыгында БАЭнин Абу-Даби шаарында өтүп, ага Кыргыз өлкөсүнөн 7 спортчу катышат. Алардын арасында Индонезияда өткөн Азия оюндарында медаль тагынган Артур Те жана Владимир Золоев бар. Азыркы тапта спортчуларыбыз машыгууларды өткөрүп, мелдешке кызуу даярданууда.

Айта кетсек, жалпы эсепте “Abu Dhabi Grand Slam 2018» аттуу мелдеште 65 мамлекеттен 414 спортчу катышат.

Мелдеште катыша турган кыргыз дзюдочулар:

• 60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;

• 66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Те жана Бектур Рысмамбетов;

• 73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов;

• 81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

• 90 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов;

• 100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Юрий Краковецкий.

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: