Оштун “Алай” командасы Баткен шаарында өткөрүлгөн Фергана өрөөнүнүн кубогунда баш байгени алды. Алар акыркы турда өздөрүнө керек болгон эсепти жаратып, 1-орунга жетишти. Алар чечүүчү беттеште Баткендин «Баткен» командасын 9-0 гө утуп 4 команда арасында эң жакшы көрсөткүчтү жаратты. Ал эми Фергананын «Нефтчи» клубу акыркы оюнда Таджикстандын «Хутжанд» командасын 3-0 гө утуп, «Алай» менен бирдей 7 упай чогултканы менен топтор айырмачылыгында 2-орунду алып, күмүш медаль тагынды.
Ал эми бир утуп, эки жеңилген Тажикстандын «Худжанд» командасы коло медалга ээ болсо, жергиликтүү команда «Баткен» акыркы орунду камсыздады.
Ошондой эле, аталган турнирде 12 жашка чейинки футболчуларда күч сынашты. Анда Тажикстандан келген жаш футболчулар жеңүүчү болсо, Өзбекстандын жаштары 2-орунду алды. Ал эми жергиликтүү команда «Баткен» коло медаль тагынса, Оштун «Академиясы» байгелүү орунга жетише алган эмес.
Эске салсак, Фергана Кубогу Баткенде биринчи жолу уюштурулуп, үч өлкөнүн катышуусунда 9-октябрдан 11-октябрга чейин өткөрүлдү.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ