Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Алай районундагы 13 мектептин имараты жараксыз деп табылган. Алардын ичинен эки мектеп кайра курулуп пайдаланууга берилсе, 5 мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Алай районунун акими Замирбек Молдокулов билдирди.
Анын айтымында, райондо кооптуу деп табылган дагы алты мектеп бар. Мектеп кооптуу деп табылганы менен окуучулар билим алууну улантып жатышат. Бирок бир кабаттуу мектеп болгону үчүн анчалык коркунуч жок. Жаңы мектеп курулганга чейин окуучулар окуп турса болот. Жаңы курулуп жаткан мектептердин бирине 40 миллион сом жумшалса, чаканыраак мектептер 20 миллион сомго бүтүп жатат. Бардык каражаттар мамлекеттин бюджетинин эсебинен бөлүндү.
Алай районунда мамлекеттин балансындагы жалпы 53 мектеп бар. Андан тышкары 1 жеке менчик мектеп жайгашкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ