Menu

Жол коопсуздугунун сакталышы көзөмөлдөн түшпөйт

Бөлүшүү:

Бишкектеги милиция кызматкерлери ар күнү эртең менен мектептердин жанындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын өтмөктөрдүн жанында кызмат өтөп, жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлгө алышууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Жол кыймылынын катышуучуларынын укуктук аң-сезимин жана тартибин жогорулатуу максатында “Жөө жүрүүчү” деп аталган алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатат. Бекитилген иш-мерчемге ылайык, аталган иш-чараны өткөрүүгө жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылды.
Эртең мененки өздүк курам арасындагы нускамалоого Бишкек ШИИББнын башчысы Сталбек Рахманов катышып, аткарыла турган тапшырмаларды белгилеп өттү. Иш-чара мезгил-мезгили менен эртең мененки саат 6:30дан баштап 9га чейинки убакытта өтүп, жол кырсыктарынын алдын алууга багытталды. Бишкек шаарынын ар бир районунда төрт кызматкерден турган топ иштеп, жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча административдик протоколдор толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү,-деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: