Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар оруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар оруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасына гуманитардык көмөк берүү алкагында курулуп жаткан медициналык мекеменин имараты жыйынтыкталуу алдында турат. Эки корпустан турган, 214 койка-орунга ылайыкталган оорукана 5-7 күн ичинде пайдаланылууга берилмекчи.

Курулуп жаткан имаратты көрүп чыккан соң, Артем Новиков курулуш иштерин ыкчамдатууну белгиледи.  Буга катар Премьер-министрдин м.а. курулушта бардык нормалардын сакталышын жана куруучуларга тийиштүү иштөө шартын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилесек, Өзбекстан Республикасы тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: