Menu

Ташкентте милиция колледждер менен лицейлерди текшере баштады

Бөлүшүү:

Ташкенттин ички иштер башкы башкармалыгы борбордогу бардык колледждер менен лицейлерди жапырт текшере баштады. Бул тууралуу 19-октябрда Ташкент ИИБсинин башчысы Баходир Курбанов билдирди.

Анын айтымында, бул текшерүү иштери Ташкент юридикалык колледжиндеги студенттердин бычакташуусуна байланыштуу.

«Юридикалык колледжде кантип ушундай көрүнүш болду? Бул колледждин жетекчилиги тараптан Өзбекстандын мыйзамдарын, окуу жайлардагы тартиптерди тааныбоо болуп эсептелет. Мектепте бир эле саюучу-кесүүчү буюм табылса, чуу көтөрүү керек», — деп билдирди Курбанов.

6-октябрда борбордогу юридикалык колледжде студенттер арасында мушташ чыгып, анын жүрүшүндө эки бала бычактан жаракат алышкан. Экөө тең ооруканага жеткирилип, бирөөсү кан көп жоготкондуктан каза болуп калган. Текшерүүлөрдөн кийин окуу жай жетекчилигинин аракеттеринде мыйзам бузуулар аныкталып, ал кызматтан алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: