Menu

Үңкүйбө, үч эле саат иштейт экенсиң!

Бөлүшүү:

“Кечке жумушта иштеп чарчадым”- дегендерге түк ишенбегиле. Өзгөчө аялдар күйөөңөргө ушул аныктаманы айтып мээсин жесеңер болот. Анткени, Британиялык окумуштуулар 2 миңге жакын кеңсе кызматкеринин катышуусунда сурамжылоо жүргүзүп, натыйжада адам күнүнө 3 саат гана жемиштүү иштей ала турганы белгилүү болгон. Алгач бардык катышуучуларга “Жумушта бир күн бою жемиштүү иштейм деп эсептейсизби?”- деген суроо берилген. Ага 79 пайыз адам “жок” деген жообун узаткан. Изилдөөчүлөр сурамжылоого катышкандардан жумуш учурунда башка көңүл ачуучу иштер менен алектенүүдөн баш тарта аларын сураганда 35 пайыз “ооба” деп, 54 пайыз башка иштер менен алектенгенде гана жемиштүүлүгү арта турганын билдирген. Кыскасы үйгө барып алып, “үхх, чарчадым, жумушта эзилип кеттим”- дебегиле.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: