Menu

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттам 17-сентябрда ачылат

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамды кайрадан калыбына келтирүү маселеси чечилди. Бул тууралуу 10-сентябрда Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, учактар алгач жумасына эки жолу 17-сентябрда каттай баштайт. Сентябрдын экинчи жарымында Өзбекстанга да учактар туруктуу негизде каттай баштамак болду.

«Казакстан менен туруктуу каттам 17-сентябрда ачылат. Астана-Алматы-Бишкек каттамын азырынча жумасына эки жолу деп жатабыз. Кийин көбөйтөбүз. Өзбекстан менен да сүйлөшүлдү. Болжол менен 15-сентябрда Ташкент-Бишкек каттамы ачылат», – деди ал.

Акышев билдиргендей, азырынча Орусия менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү маселеси чечиле элек.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жазында чек аралар жабылып, бардык туруктуу авиакаттамдар токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана кыргызстандыктарды мекенине жеткирген чартердик каттамдар уюштурулуп жатты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: