Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 14-июлда түнкүсүн Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй өрөөнүндө, Жалал-Абад облустарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +30… +35,
Таласта түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +29…+34,
Баткенде түнкүсүн: +17… +22, күндүз: +31…+36,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +17…+22, күндүз: +31…+36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +22…+27,
Нарында түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +22…+27,
Бишкекте түнкүсүн +17…+19, күндүз: +33…+35.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ