Menu

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Максим Бакиевди көрүп калсак, чогуу эле сүйлөшмөкпүз”

Бөлүшүү:

– Сиз бир топ депутаттар менен өткөн айдын аягында Лондонго барып келдиңиз го. Лондондо жүргөндө сизди “бир сутка дайнын таптырбай кетти, ошондо Максим Бакиевге жолугуп жүрдү  окшойт” деген маалыматтар сайттарга тарап кетти. Буга эмне дейсиз?

– Лондонго, Эдинбургга барганыбыз чын, бирок, бир сутка дайнымды таптырбай кеткеним, Максим Бакиевге жолукканым тууралуу маалыматтар карандай калп. Кыргызстанда NDI деген парламент менен иштеген долбоор бар. Алар демократияны өнүктүрүү максатында коомдук кабылдамаларды ачып, элдер менен ар кандай жолугушууларды уюштурат. Өткөндө ар бир фракциядан бирден депутатты өздөрү тандап алышып, “бизде парламентти өнүктүрүү боюнча программа бар, келип берсеңиздер” дешип телефон аркылуу чакырышты.

– Улуу Британияда канча күн болдуңуздар? 

– Программада 3 күн Англиянын борбору Лондондо, 4 күн Шотландиянын борбору Эдинбургда болуу белгилениптир. Биз Бишкектен 23-июлда учтук. 24-июлдан 26-июлга чейин Лондондо болдук. Лондондо жүргөндө бир сутка эмес, бир саатка да бош убактыбыз болгон жок.  Жолугушуулардан, сүйлөшүүлөрдөн эч бир колубуз бошободу. Биз менен алар тараптан үч  кызматкер дайыма бирге жүрүштү. Депутаттар менен жолугуштук, парламенттин иши, тарыхы менен тааныштык, музейин көрдүк, Мындан тышкары биздин элчиликке барып жолугушуп, кандай иштеп жаткандыгына назар салдык. Акыркы күнү “Би-Би-Си”ге барып маек куруп, журналисттердин иштөө принциптери менен тааныштык.

Белгилей кетчү нерсе – алар маалыматты такташмайынча чыгарышпайт экен. Мисалы, “Лондондогу өрттү биз кеч бергенибизге нааразы болушту. Бирок биз жөнсалды жазбай ар бир кишинин үйүнө чейин барып, канча киши каза болгонун, өрт эмне себептен чыкканын тактап туруп бердик” дешти алар. Эдинбургга барганыбызда да парламенти менен таанышып, эки партиянын
өкүлдөрү менен жолугуштук. Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн “Улутчул-патриоттопр партиясынын жана лейбористтер партиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп сүйлөштүк. Бул партиялардын коомдук кабылдамаларында болдук, эл менен жолугушууларына катыштык. Бул иш сапар бизге көп жагынан пайдалуу болду. Өнүккөн мамлекеттин 800 жылдык тарыхы бар парламенти менен жакындан таанышып, депутаттары менен сүйлөшүп келүү биз үчүн чоң сабак. Ушундай маңыздуу, маанилуу иш сапарга барып келгенден кийин каралап жазып жатышканы кейиштүү.

– Бул имиш кеп эмнеден чыкты, деп ойлойсуз?

– Төрт саясатчы – Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаевдин бириккенинен улам чыкты го деп ойлойм. Алардын биригүүсүн Максим менен Курманбек Бакиевге такашканына жол болсун! Кыргыз журналисттери чогулуп, өздөрүнчө сүйлөшүп, чындык, уят-сыйыт кодексин кабыл алышса болот эле.

– Сизди «Минскиге бара албай калдым, бул жактан эле Курманбек Салиевичтин туулган күнү менен куттуктай кетейин» деп Максим Бакиевге барып жолугуп келген болуп жүрбөсүн?” дешкенине эмне дейсиз?

– Ойдон чыгарылган, болбогон кеп!

– “15-октябрга белгиленген ажо жарышта кайсы бир талапкерди колдоо тууралуу консультация алып келиши мүмкүн” деп жатышат го?

– Бу да жалган! Ушундай каралоонун кимге кереги бар, түшүнбөйм.

– “Төрт саясатчынын биригүүсүнө сизди себепчи болду” деп да жазышыптыр?..

– Алардын айтымында төрт саясатчыны Ормонов келип команда берип бириктириптир. “Давай бириккиле!” десем биригип калышыптыр. “Жакшы иш кылыптырмын” деп жатам бир жагынан. Бул суу кечпеген жалган ушак сөз. Шайлоонун алдында атайын уюштурулган кара пиар. Президенттикке аттанган жигиттерге карагөө шыбайбыз дешип мени кошуп айтып жатышат. Төртиликтин кайрылуусун окудум. Тескерисинче булар Кыргызстандын бүтүндүгү, биримдиги үчүн бир талапкерди чыгаралы, деп жатышат. Бул жакшы нерсе. Дүйнөгө маскара болуп президенттикке 60-80 киши талапкерлигин коё бербей, 3-4 кишинин ичинен эле тандап алсак жакшы болмок.

– Жакшы иш сапар болуптур. Бирок ошол иш сапарыңыздар туууралуу ЖМКларга кеңири маалымат бере элексиздер го?..

– Бул тууралуу биздин оюубузда бар. Иш сапарда болгон беш депутат чогулуп журналисттер үчүн кенен-кесири маалымат жыйынын өткөрүшүбүз керек.

– Англия менен Шотландиянын парламенттери менен кыргыз парламенттеринин кандай айырмачылыктары бар экен? 

– Акыркы кездерде элдин парламентке ишениминин кетип жатканы, тизмелерди жылдыруусу, парламентке ант берүүсү, анты болбой калуусу, алдыңкы тизмени талашуулар, элибиздин кимди шайлап жатканын билбей калуусу, округдар менен байланышынын жоктугу биздин парламенттик шайлоонун алашемдигин көрсөтүп турат. Аларда 650 округдан депутаттыкка талапкерлигин  коюшуп, ким көп добуш алса, ошол талапкер парламентке келип олтурат экен. Мындай система депутаттын округ менен байланышын күчөтөт, дешти. Ал эми партиянын ичинде өздөрү сурамжылоо менен талапкерди тандашат экен. Партияда жок көз карандысыз жарандар да талапкерлигин койсо болот, дешти. Улуу Британияда консерваторлор менен лейбористтер эле иштейт деген пикир го. Андай эмес экен. Канча партия бар экенин депутаттар өздөрү так айта албады. Бири 7 десе, бири 8 дейт. консерваторлор менен лейбористтерден тышкары “Улутчул патриоттор”, “Жашылдар”, “Социал-демократтар”, “Либералдар” жана башка партиялары бар, дешти. Булардын добуш берүү системасы да башкача экен. Мына ушундай толгон-токой иш-чараларга катыштык. Мени бир сутка дайнын таптырбай кетти… Максим Бакиев менен жолукту болуш керек, дегендер менин өзүмдөн сурашканда кайсы күнү кайсы жерде эмне кылганымды, ким менен жолукканымды саатына чейин айтып бермекмин. Бир сутка жоголуп кетсем, мен бир күндүк жолугушууга катышпай калмакмын да. Бешөөбүз чогуу жүрдүк, чогуу турдук. Максим Бакиевди көрүп калсак, чогуу эле сүйлөшмөкпүз. Тескерисинче, алардын ТИМиндеги жолугушууда биздин депутаттар Максим Бакиев боюнча маселе коюшту.

– Алар эмне деп жооп беришти? 

– ТИМдин өкүлдөрү “Сот системасы көз карандысыз, биз алардын ишине кийлигише албайбыз, сот чечет” дешти.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: