Түркмөнстандын түштүгүндөгү Мары облусунда мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери коммуналдык кызмат үчүн карызы жок экенин тастыктоого аргасыз болушууда.
Марыдагы кабарчылардын билдиришинче, мындай талап бир жума мурун коюлган:
– Өткөн аптанын башында бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери газга, электр энергиясына, сууга төлөгөн дүмүрчөктөрүн иштеген жерине көрсөтүүгө милдеттендирилди. Кишилер маалымкаттарын алып келе башташты. Бул прокуратурага көрсөтүү үчүн керек деп түшүндүрүштү. Маалымкаттар көрсөтүлгөн соң гана айлык акы берилет экен.
Коммуналдык төлөмдөр боюнча маалымкат талап кылынып жатканын тастыктады. Анын айтымында, мындай жол менен жергиликтүү бийлик карызы барларга каршы күрөш жүргүзүүгө ниеттенүүдө.
Бул арада Түркмөнстанда экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу айлык акы, пенсия жана башка төлөмдөр кечиктирилип берилүүдө. Банкоматтардан акча алууга чектөө киргизилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ