Ички иштер министрлиги 2017-жылы президенттик шайлоодо кетирген чыгымдар боюнча тараган маалыматка байланыштуу КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын бухгалтеринин өмүрүнө жана анын үй-бүлөөсүнө коркунуч туулуп жатышы мүмкүн деп айткан маалыматы боюнча текшерүүсүн улантууда. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Эгерде КСДПнын штабынын бухгалтери өзүнүн жана үй бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы боюнча маалыматтары бар болсо жана ошондой эле өлкөгө кайтып келип ИИМге кайрыла турган болсо, коопсуздукту камсыздоо менен катар окуя боюнча ар тараптуу жана калыс иликтөөгө алына тургандыгын дагы бир жолу белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын ИИМи кайрылууну (арыздануучу) жөнөкөй жаран же жогорку мамлекеттик кызматтагы адам деп бөлбөй туруп, бардык кыргызстандыктардын жеке коопсуздугуна байланыштуу маалымат боюнча өз убагында иш-аракеттерди жүргүзүгө милдеттүү экендигин дагы бир жолу эске салабыз.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, КСДПнын бухгалтери социалдык тармактарда президенттик шайлоодо коротулушу мүмкүн болгон чыгымдардын эсеби пайда боло электен мурда, тактап айтканда 4 күн мурун, 2018-жылдын 11-ноябрында өлкөнүн чек арасынан чыгып кеткендиги аныкталган.
Андан сырткары, 18-ноябрда мурдагы президенттин айткан сөздөрүнөн кийин коомдук кызуу талкуу жаралган учурда бухгалтердин баласы дагы чек арадан чыгып кеткендиги аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ