Пакистанда таажывирус илдети менен ооруп жаткан кыргызстандык адам каза болду. Бул тууралуу Пакистандын массалык маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, 73 жаштагы маркум Абдул Вахаб “Таблиги Жамаат” уюмунун мүчөсү болгон. Кыргызстандын жараны болгону тууралуу так маалымат жок.
Таажывирус илдети аныкталгандан кийин 1-апрелде Рэйвинда Марказдагы ооруканадан Майо ооруканасына которулган. Ал таажывирус илдетинен тышкары, кант диабети менен ооруган. Абдул Вахаб кечээ, 9-апрелде көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ