Ош шаарындагы №17 Гагарин атындагы мекепте Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан башталгыч класстарынын окуучуларынын арасында биринчи жолу олимпиада өттүдө. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Ага шаардагы баардык мектептердин 4-классынын окуучуларынан кыргыз/орус тили, адабий окуу, математика жана мекен тануу предметтери боюнча берилген 70 суроого 2 саат ичинде жооп беришүүдө. Сынак II этаптан туруп, биринчи этабы ар бир мектептин өзүндө өтүп, андан жеңип чыккан үчтөн окуучу II этабы шаардык олимпиадалык мелдеште күч сынашууда.
Иш-чаранын негизги максаты башталгыч класстарында билим алган окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, мугалимдер менен педагогикалык-илимий кызматкерлердин арасындагы атадаштыкты күчөтүү жана мыкты окуучуларды тандоо болду.
Сынактан жеңип чыккан алдыңкы окуучулар грамота жана балуу белектер менен сыйланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ