Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Мекенди коргоочу — эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди эрдиктин, каармандыктын жана атуулдуктун  майрамы — Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайм. 

Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз. 

Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазылык билдиребиз. 

Коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, ал эми мекенди коргоочу — коомдогу эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат. 

Бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм. 

Жараткан колдоп, ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык болсун!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: