Menu

Жалал-Абадда “Дени сак жаштар – дени сак өлкө” акциясы өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында быйылкы 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында шаардагы “Курманбек” стадионунда мектеп окуучулары, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда “Дени сак жаштар, дени сак өлкө” спорттук мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында шаар жаштарынын демилгеси менен күн сайын бир канча иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. Ал эми кечээ Эл аралык достук күнүнө карата шаар жаштарынын катышуусу менен борбордук “Курманбек” стадионунда атайын акция уюштурулуп, спорттун алты түрү боюнча жалпы он команданын ортосунда спорттук мелдештер өткөрүлдү. Мелдештерге шаар жаштарынын тышкары шаардагы ар бир аймактык башкаруулардан келген жаш үй-бүлөлөрдүн ортосунда да спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчү үй-бүлөлөргө сыйлыктар тапшырылды.

-Бул спорттук мелдештерди шаардык жаштар иштери боюнча комитети, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлдү. Жаштардын  ынтымакка, биримдикке жана достукка чакыруу максатында мындай жаштар жумалыгы шаарда 2015-жылдан тарта уюштурулуп келет. Жумалыктын алкагында жаштар арасында маданий, спорттук жана интеллектуалдык мелдештер өткөрүлөт, – дейт , Б. Ташбаев.

Бүгүн, 17-ноябрь  күнү Студенттердин эл аралык күнүнө карата шаардагы жаштарга арналган кеңири программадагы шоу-майрам уюштурулат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: