Menu

Атамбаев тик учак кырсыгына байланыштуу Мирзиёевге көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө тогуз адамдын өмүрүн алган тик учак кырсыгына байланыштуу коңшу өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда “Кыргыз элинин жана жеке өз атыман курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм»,- деп айтылат.

МИ-171 тик учагы 18-октябрда Фергана облусунун Кыргызстан менен чектешкен жеринде кулаган. Андан тогуз адам набыт болгон. Алардын алтоо аскер кызматкерлери, үчөө экипаж мүчөлөрү болгон. Өзбекстандын коргоо министрлиги кырсыкты “кокустан болгон кырсык” деп сыпаттоодо.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: