Menu

Абдикарим Алимбаев: «Кыргыз жараны тажик жаранына ок аткан» деген маалымат териштирилип жатат

Бөлүшүү:

Тажикстандын Чек ара кызматынын «27-майда Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранына карата ок атты» деген билдирүүсү боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев кабарлады.

Анын маалыматына караганда билдирүүдөн кийин аймактагы кыргыз-тажик чек арачылары жолугушуп, кырдаалды талкуулашты.

Мурдараак Тажикстандын Чек ара кызматы маалымат таратып, 27-май күнү саат 11лер чамасында Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Саат Бактыбеков тажикстандык жаран Мутабархонум Шаропованы көздөй мылтыктан ок атканын, натыйжада келин оң далысынан жаракат алып, ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Тажик Чек ара кызматынын билдирүүсүндө: «Кыргызстандык жарандын бул аракети эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын туруктуулугун жасалма бузуу аракети катары бааланат. Бул аракет чектеш аймакта жашаган тажик элинин жооп иретиндеги реакциясына алып келиши да ыктымал», деп жазылган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө аты аталган Саатбек Бактыбаев бул маалыматты четке кагууда. Ал түшкө чейинки убакытта жакында чек арада ок тийген жээнинин үйүндө түлөөдө болгонун, мергенчилик эмес, дегеле эч кандай куралы жок экенин билдирди.

Куралдуу чыр-чатак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен болуп турат. 24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо да чыр чыгып, атышуу болгон. «Озоди» радиосу андан Тажикстандын чек арачысы жарадар болгонун жазды. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок.

8-майда чыккан чатакта Кыргызстандын үч жоокери жарадар болгон. Алардын бири оор абалда Бишкекте ооруканада жатат. Тажик тарап бул окуяда эки жараны жараат алганын билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: