Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Кубанычбек Кулматов сыяктуу жан-жөкөрлөрү кызматтан алынгандан кийин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 1 млн еврого салдырган хан сарайында жашап жаткан Алмаз Атамбаев ал жерди реваншисттердин штабына айлантып жиберет. Фарид Ниязов, Алмаз Үсөнов жана жогоруда аталган экстер эски шефине байма-бай каттап, “Барбаросс планын” иштеп чыгыша баштайт. Бирок президенттин иш башкармалыгы мыйзамга такап, экстерди резиденцияга киргизбей жүдөтөт. Ошондо Атамбаевдин ачуусу келип, резиденциядагы үйүн убактылуу жаап салып, Кой-Таштагы жаңы салынган хан сарайына көчүп кетет. Эми Атамбаев күн сайын Кой-Таштан түптүз Бишкектин Алматы көчөсүндөгү өзүнүн жеке менчик “Форум” ишканасына түшүп келип, жан-жөкөрлөрү менен кайрадан “Барбаросс пландарын” иштеп чыга башташыптыр. Президент болуп турган 6 жылда резиденциядан Акүйгө түшүп келип иштегенден эринген Атамбаев резиденцияга кабинет жасатып алып, ага жолуга турган кишилерди ошол жерден кабыл алып калган. Азыр болсо жерге түшүп, Кой-Таштан “Форумга” эринбей эле каттап жатыптыр.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ