УКМКда эмгектенип, «Руханият» ассоциациясында вице-президент болуп, кийин Бишкек шаардык кеңешине депутаты болгонго жетишкен Камалдин Токтосартов Социалдык өнүктүрүу министрлигине орун басар болуп келди. Бишкекте төрөлүп, «балкондо» чоңойгон жигитке көпчүлүк үмүт артып турган кези, биз дагы жаш кадр катары колдоо көрсөтүп турган чагыбыз. Жигердүү иштеп берет деген үмүт чоң. Ошол эле маалда министрликке 4 орун басар көптүк кыларын айтып кетүү зарыл. Бирөө, ашып кетсе экөөнү гана иштетүү керек. Бюджетти асман чапчыган өлкөлөр да орун басардын санын экиден ашырбайт. Анан биз эмне үчүн элдин эсебинен 4орун басарды багышыбыз керек. Элдин эсебинен чет өлкөгө тайраңдаган орун басарларды кылыгы тойгузду го!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ