Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында 2016-жылдын 12-сентябрында саат 15:30 чамасында Шор-Булак участкасында Ауди үлгүсүндөгү мамлекеттик № А 846 ВU 750 RUS унаа менен Вольксваген-Голф мамлекеттик № О 48-84 F үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Натыйжада кырсык болгон жерде 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин 58-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып жаракат алган 2 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Каза болгон жана жабыркаган адамдар медициналык тез жардам кызматы тарабынан Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ