Баткен облусунун Бужум айылында жоокердин жарадар болгонун 23-январда Генералдык штаб билдирди. Кырсык аскердик машыгуунун түнкү атышуу учурунда болгон.
М.А. аттуу ефрейтор ийнинен жарадар болгон. Калашников автоматынан чыккан ок кайып барып тийген. Жоокер ооруканага жеткирилген, абалы канааттандырарлык.
Бул кургактагы аскер бөлүгүндө болгон биринчи окуя эмес. Майлуу-Суу шаарында кызмат өтөп жаткан жоокер Руслан Сапарбаев 2018-жылы августта токко урунуп, эки колунан ажыраган.
Ал эми 2019-жылдын декабрында № 92843 аскер бөлүгүндөгү жоокер токко тартылып каза болгон эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ