Ош шаарында Москва мамлекеттик университетинин филиалын куруу иштери башталмакчы. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы 25-октябрда билдирди.
КРнын Билим жана илим министри Каныбек Исаков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. Алар билим берүү жаатында кызматташууну сүйлөшүштү.
Ошондой эле Ошто ачыла турган Ломоносов атындагы ММУнун филиалы да талкууланып, курулуш бир айдын аралыгында башталмай болду.
Ал жогорку окуу жайда студенттер төмөнкү адистиктер боюнча билим алышат: информатика жана математика, геология, орус тили жана адабияты. Мындан тышкары илимий даражасы бар, ММУну бүткөн мугалимдердин реестри түзүлгөн.
Филиалдын макети ушундай:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ