Menu

Атактуу айымдардын аңчысы…

Бөлүшүү:

Арийне, маалымат каражаттарынан ар балээни окуса болот. Не деген көпкөндөрдү, олигархтарды, тың чыкмаларды жазышкан жок дейсиң? Долларды чачып ойногондордун, өз жерин чанып, Малайзияга барып крокодилдин этинен шишкебек жегендердин, Канар аралында эс алып ала өпкө болгондордун азабын берип эле келатышат. Мен деген прокурор, депутат, генералдар кайсыл чырайлуу ургаачынын торуна түшүп калганын, кимисинин шойкому эстен чыккыс экенин тымызын суктанып чагылдырып жүргөндөрдүн “чыгармалары” миң томдук болуп калды дегендин калпы жок.

Кезинде шоунун примадоннасы макамына ээ болгон Гүлнур Сатылганованын баскан, турганына чейин изилдегендер деле болгону ырас. Искусствого зор салымын кошкон, салттуу музыканын активисти Роза Аманованын деле этегине эрмешип, бирок кеби суу кечпей калгандар болгонун деле коомчулук билет. Бүгүнтөн баштап элдештик деп эдиреңдегендердин жоругуна куп күлгөндөр дагын болгону маалым. Кийгениң сенин шиш такка, көңүл сал эми биз жакка, ‑ деп туруп көк үйдө иштеген бирөөнөн жашылбайларын имерип алгандардын өнөрү ак үйдүн коридорунда кенен айтылып жүрөт. Ашынып кеткендердин тилине “памперс” кийгизген депутат айым деле болгону бекерден эместир?

Акыркы убакта бир туруп Камчыбек Жолдошбаевге жабыштырып, кайра генерал Курсан Асановдун “куруна” чырмаштырып жиберген Гүлжан Кулманбетовада аласасы бар окшойт дебеске арга калбады. Өз оокатын эптеп кылып жүргөн дикторго неге мынча “суктанышты” десең? Эми жаш кезде генералды талашса талашып коюшкандыр эки теле жылдыз. Бирок, кайрадан өчүп бараткан отту эмнеге алдынан үйлөп жандырууга далалат жасалууда? Мындай “ыкманы” колдонгондордун да “фишкасы” ушунда окшойт. Себеби, биротоло жадаганда аргасыздан “толгоотуп жашылбайларды” тууп жиберишет деген шекилди “күнөөгө” баткандар. Ошондо ысыгында басып жыгыла тургандар алыста болушпаса керек? Антпесе уйгактай болуп аларга жабышпайт эле. Турмушуң эшек араба, албасаң каласың баляга деп ушуну айтышкан окшойт…

Эсепчи Элебесова

Булак: Ачык сөз 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: