Menu

Зөөкүрлөрдүн жазасын бериш керек

Бөлүшүү:

21-октябрь күнү өтө кайгылуу окуя болду. Бишкектеги Токтоналиев көчөсү менен И.Масалиев атындагы түштүк магистралда унаалар сүзүшүп, айдоочулардын ортосунда чыккан уруштан «Кыргызаэронавигация» мекемесинин жетекчи орун басары Маматназар Жакыпбаев көз жумду. Көрсө, М.Жакыпбаев жубайы экөө «Тайота-Камри» унаасы менен магистралда келе жатып, Токтоналиев көчөсүнүн кесилишиндеги жол чыракка токтогон маалда, аларды артынан жол тандабас келип урган. Жакыпбаев териштиргени түшкөн маалда унаадагы көпкөн немелер өлтүрө чааптыр. Окуянын чоо-жайын маркумдун жубайы Анара Токтоналиева маалымат сайттарга төмөндөгүдөй билдирди: «Сүзгөн унаадан эч ким чыкпаганда, жолдошум түшүп, аларга басып барды. Күнөө аларда экенин түшүндүрүүгө аракет кылганда унаадан эки адам түшүп, жолдошумду опузалап киришти. Мен да барып, ажыратууга аракет кылганда бири мени четке түртүп чыгарууга аракет кылып жатты. Анан экөөлөп кетишти. Жолдошумду башка катуу нерсе менен чапты окшойт, шалак этип эле жыгылып түштү. Ургандардын бирөөсү коюнунан бир кара нерсени сууруп чыккандай болду, менимче ал ошону менен урса керек. Ал жол жээгине эмес жолдун ортосуна соккудан улам жыгылды. Кыйкырып, үстүндөгүсүн апчып ары түрттүм. Жолдошум кыркырап кыйналып жаткан экен. Тигилер качууга аракет кылып, мен унааларга кыйкырып, өтүп баражаткандардын арасынан бирөө милиция кызматкери экен, аларды кармап калды. Ооздорунан спирт ичимдиги жыттанып жаткан, мас болчу» – деди.

Соц тармактагы маалыматтар боюнча, М.Жакыпбаевге кол салгандардын өздүгү такталып, 1979-жылы туулган Шумкарбек уулу Мадияр жана Жоломан уулу Мирбек экени аныкталды. Учурда алар камакка алынып, тиешелүү экзпертизадан өтүшүүдө. Эми бул ишке бийлик да, коомчулук да терең көңүл бөлүп, байлыкка манчыркаган, чегинен чыккан зөөкүрлөргө мыйзам чегинде бааны бериш керек. Экинчи мындай жорук кайталанбай тургандай, акчага көпкөн наадандарга сабак болгондой эң жогорку жазаны чегерүү зарыл. Анткени, эч кимди көзгө илбеген мас балдардын бул жолку кылыгы адам өлүмү коштолуп отурат. Кокус, жабыркаган тарап кыргыздын айкөлдүгүнө салып кечирип жиберсе дагы коомчулук тик туруп, жазалоочу органдардын «алаканын майлаганга» жол бербеши керек. Баарыбыз билгендей, капчыгы калыңдар сотторду сатып алып, ушул убакка чейин тайраңдап келе жатышат. Чек коюуну ушул иштен баштоо зарыл.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: