Menu

Тажикстандык аткаминер жарым миллион доллар пара менен кармалды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Экономика министрлигинин аймактарды өнүктүрүү жана инвестицияларды программалоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Нурализода 490 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Антикоррупциялык агенттиги кабарлады.

Кармоо операциясы 28-сентябрда, башкалаа Дүйшөмбүдөгү “Афсона” ресторанынын жанында жүргөн. Шектүүнүн үйүн тинткенде дагы 10 миң доллар табылган деп кошумчалайт агенттик.

Маалыматка караганда, аткаминер жергиликтүү тургундан Хатлон облусунун Жалолиддин Балхи районундагы канаттуулар чарбасын мамлекеттик инвестициялар программасына киргизүү үчүн 1 млн доллар пара сураган. Андан тышкары аялы үчүн борбор калаадагы жаңы үйдөн батир алып берүүнү да талап кылган делет.

Ага “пара алуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: