Бишкек-Ош унаа жолунда “Toyota Estima” үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунда кечээ, 25-октябрь күнү саат 19:22 чамасында Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында Бишкек-Ош унаа жолунун 470-чакырымында “Toyota Estima” үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.
Учурда өрттүн себебин тактоо иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ