Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы Саадат жылына $23,5 миң төлөп Америкада окуйт, атасынын бир жылда тапканы $29 миң

Бөлүшүү:

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен анын жубайы Чолпон Абазбекованын төрт баласы бар: эки кыз – Ажар жана Саадат, ошондой эле эки уулу – Абир жана Кайрат. Бул тууралу Factcheck порталы билдирет.

Улуу кызы Ажар Борбор Азиядагы Америка университетинде окуйт. Кичүү кызы Саадат Дүйшекеева(чоң атасынын ысымында) Америкадагы Diablo Valley College колледжинде окуйт.

Diablo Valley College Сан-Франциско шаарына жакын Diablo өрөөнүндөгү чакан шаарчада жайгашкан. Бир жылдык окуу акысын атайын чет өлкөлөрдө окуу уюштурган агенттиктин сайтынан билүүгө болот.

Колледждеги окуунун баасы:

– Окуу баасы – $8515-00

-Жатакана жана тамак ашы – $7875-00

-Китептер жана окуу материалдары – $1764-00

-Транспорт чыгымдары – $1126-00

-Жеке чыгымдары – $3160-00

-Медициналык камсыздоо – $1116-00

Жыйынтыгы: $23556-00

Dosedukationgroup компаниясы бир жылдык окуу акысын $23556-00 баалайт.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин декларацияда көрсөткөн маалыматтары боюнча 2017-жылы 2 367 986 сом киреше тапкан. Декларацияда жакын туугандары 2017-жылы эч бир киреше таппаганы көрсөтүлгөн. Ал жылы доллардын курсу 70 сомдон 81 сомго чейин ойноп турган. Ошондо Абылгазиевдин бир жылдагы кирешеси 29 миңден 33 миңге чейин болушу мүмкүн.

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: