Жалал-Абад шаарындагы эң көйгөйлүү делген Чехов көчөсүн кеңейтүүнүн экинчи этабы башталды. Бул жолкусунда көчө толугу менен кеңейтилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык капиталдык курулуш департаментинин башчысы Акылбек Нуркулов билдирди.
Алынган маалыматтарга караганда, Чехов көчөсүнүн кеңейтилүүчү жалпы узундугу 780 метрди түзөт. Биринчи этапта 160 метрин кеңейтүү үчүн бюджеттен 6 миллион 200 миң сом бөлүнгөн, бирок тендердик наркы 5 миллион 134 миң сом деп бааланган. Азыркы тапта бул этап бүткөрүлүп, эми дагы көчөнүн 620 метрин кеңейтүүгө бюджеттен 22 миллион сом бөлүнүп, тендердик наркы 22 миллион деп бааланды.
Учурда көчөнүн калган бөлүгүн кеңейтүү ишин тендерден уткан компания жүргүзүүдө. Ал эми Чехов көчөсү кеңейтилгенге чейин унаа тыгындары жана жөө атуулдардын башаламан кыймылы өкүм сүрүп, шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайсыздыктар жаралып келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ