Бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Маалымат борборунда «2017-жылдын 12-августунда ишке кире турган БС/ЕАЭБ техникалык регламенттери тууралуу» маалымат жыйыны өттү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет.
Маалымат жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Төлө Исаков катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ