Menu

Маданият министри Мира Жангарачеваны кайра кызматына койгонго даяр

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 4-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Себеби Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейдин эмгек жамааты президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазышып, мурдагы директорду кайра кызматына коюуну суранышкан. Бул талап менен Сүрөтчүлөр союзу да чыккан эле.

“Биз Сүрөтчүлөр союзунун кайрылуусун ала элекпиз. Бул маселе күн тартибинде да жок. Бирок келсе, карап көрөбүз”, – дейт министр.

Музейдин жамааты Мира Камилевна бир нече ай иштеп, иш-чаралардын контентин өзгөртүп, музейге киргендердин саны көбөйө баштаганын, архивдеги коллекциялар тартипке келгенин, көзөмөл күчөгөнүн айтышкан.

“Чындыгында Мира Жангарачеванын ишине доомат жок. Бул маселени карайбыз”, – дейт министр Азамат Жаманкулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: