Menu

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: “Атамбаев өлкөдөн чыгып кетүү менен күнөөлүү экенин далилдейт”

Бөлүшүү:

– Бекболот агай, мурунку президент А.Атамбаев Россияга учуп кетем деп айтып жатпайбы. Анын өлкөдөн чыгып кетиши эки достун кимисинин жеңиши да, кимисинин утулушу болот?

– Атамбаев өлкөдөн чыгып кетиши менен жеңилгенин мойнуна алганы болот. Ал азыр тирешүүдөн пайда чыкпай турганын, бул жерде турса калган өмүрүн түрмөдө өткөрөрүн билип турат. Ошон үчүн акыркы аракетин көрүүдө. Анын жалдаган адвокаттары катардагы юристтер эмес. Өз ишин мыкты билген профессионалдар. Алар үчүн акчаны аябайт. Ошолор дагы иштин аягы эмне болорун түшүндүрүп беришкен болсо керек. Жоопкерчиликтен качып кутула албасын аны коргоого канчалык аракет кылышса да күнөөсү далилденип каларын көрсөтүштү да. Атамбаевди Батукаевдин иши менен эле өмүр бою соттоп жиберсе болот. Калган коррупциялык иштерин айтпай эле коёюн. Эгер Атамбаев АКШда президент болуп, ушул иштерди жасаганда жок эле дегенде 700 жылга соттолмок. Азыр Атамбаевге кылмыш иши козголо элек. Чет өлкөгө учпасын деген чектөө дагы коюлбаган. Андыктан ал өлкөдөн чыгып кете берсе болот. Ал ушул мүмкүнчүлүгүн колдонуп калгысы келип жатат. Эртең кылмыш иши козголуп калса, эч жакка чыга албай калып, аны мажбурлоо жолу менен алып келишет. Өлкөдөн чыгып кетүү менен күнөөлүү экенин далилдеп жатат. Бул Жээнбековдун абсолюттук жеңиши.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: