Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 сутка ичинде 167 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын ичинен 90у жаш балдар. Кайрылгандардын 44ү ооруканага жаткырылган, алардын 32си жаш балдар.
“Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 18 адам кайрылса, 9у ооруканага жаткырылып, 9 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 40 адам кайрылган, алардын 17си ооруканага жаткырылып, 23 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн” – деп айтылат маалыматта.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ