Menu

Өзгөндө атасы өз кызын зордуктаганын мойнуна алды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Өзгөн районунун 47 жаштагы тургуну өзүнүн 14 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн мойнуна алды. Ал 20-январдан бери Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. Тергөө иштери уланууда.

Өз атасы зордуктап, учурда алты айлык боюнда бар 14 жаштагы кыз туугандарынын колунда.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, райондук администрациянын адистери анын мындан аркы тагдыры боюнча ишти улантууда.

– Эгер туугандары карамагына ала турган болсо, аларга берилет. Болбосо мамлекеттин карамагына өтөт, – деди ал.

Баштапкы кабарларга ылайык, кыздын атасы психикалык оору менен жабыркайт. Апасы 2013-жылы оорудан улам көз жумган.

Кыздын кейиштүү тагдыры тууралуу алгач «Ак жүрөк» кризистик борбору маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: