15-январда парламент жыйынында депутат Наталья Никитенко Кыргызстанда криминал билгенин кылып калганына нааразы болду.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча өкмөт иш планын иштеп чыгууну сунуш кылды.
“Силерди кыймылдатыш үчүн дагы канча кылмыш жасалышы керек? Жаңы жылдан бери карай эле өлкө боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алып баратканы көрүнүп калды. Аялдар өлдү. Парламент бул кылмыштарды көзөмөлгө алышы керек. Ошто “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кызмыштуулуктун мүчөсүн үй камагына чыгарышыптыр. Ал бир нече кылмыштарга, анын ичинде 16 жаштагы кызды зордуктаганы боюнча шектелип жаткан. Ушундай айып коюлган немени кантип үй камагына чыгарсын? Кийин милицияга басым жасалып, аларды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутканы боюнча маалымат тарады. Качанга чейин криминал өздөрү каалаганын жасай берет? Коррупцияга каршы күрөш да жөн гана лозунгга айланып калгандай”, – деди депутат айым ачууланып.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ