Menu

Жалал-Абад облусунун казысы имамдардын ишмердүүлүгүнө өз баасын берди

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров иш сапары менен Ноокен районуна барып, Ноокен райондук хатибиятынын кеңсесинде хатибият тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана  ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш чара алкагында  райондун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов бир жыл ичинде аткарылган иш чаралар боюнча маалымат берип, 4 кварталдын отчеттору өз убагында казыятка тапшырылгандыгын билдирип,  иш кагаздардын иреттелиши жана жүргүзүлүшү тууралуу  маалымат берди. Текшерүүнүн жыйынтыгында облус казысы Ноокен хатибиятынын иш чаралары, иш кагаздары көңүлгө толоорлук экендигин белгилеп, мындан ары талыкпай эмгектене беришине тилектеш экендигин билдирди. Ал эми “Нур” жума мечитинин абалы боюнча “орто” деген баасын берип, айлана-чөйрөсүн тосуу, көрктөндүрүү, актап-сырдоо, демөөрчүлөрдү табуу тапшырмасын берип, заман талабына ылайык видео байкоо камераларынын коюлгандыгы үчүн “мыкты” деген баасын берди.

Андан сон облус казысы “Нур” жума мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, көрүстөндө жүрүүнүн, баруунун тартиби, адеби туурасында маалымат берип, алардын суроолоруна жооп берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: