Menu

Султан Жумагулов “чоңдорго чапан жапкан салттан арылалы” дейт…

Бөлүшүү:

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына министр Жумагулов туурасында окуяны жарыялады:

“Бул окуя жаңы жыл алдында болгон. Маданият, маалымат жана туризм министри С. Жумагуловго маданият мекемелеринин биринин жетекчилери жаңы жылдык куттуктоо менен келип, үстүнө кийит жапкан. Буга нааразы болгон Жумагулов төмөнкүдөй кайрылуу жасаган: “Урматтуу кесиптештер! Кесир болбосун, бирок, чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карылык дооронун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле деп өкмөттүн каалгаларын жыртып келе бересиздер го. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек да. Мага кийит менен эмес, системаны оңдоо тууралу алгылыктуу идеялар менен келүүңүздөрдү суранам”.

“Айтмакчы, министр Жумагуловго бул кызматта отурган эки ай арасында белекке тартууланган мындай арзан чапан-калпактар чаң басып, текчелерде жыйылып турат…”, – деп жазган Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызмат жетекчиси Жийде Зоотбекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: