Батыралиев Чолпон-Атанын ооруканасына көңүл буруп койсо жакшы болот эле. Ысык-Көл райондук ооруканасынын кызматкерлери өз иштерине кайдыгер мамиле жасашат.
Шалаакы врачтардын айынан адам өлүмү менен коштолгон фактылар толтура кездешет. Айрыкча жайкы сезондо эс алуучуларга көрсөтүлгөн медициналык жардамга көңүл тойбойт. Кокусунан кечинде жардам сурап барып калсаң шоруңдун катканы. Уйкусураган медсестра менен врачтын кебетесин көрүп жийиркенесиң. Тез жардам машинеси короодо токтоп турат, бирок чакырууларга эзели барбайт экен. Туристтер көп келген аймактын ооруканасынын кебетеси бул болсо анан бизге эс алуучулар келбейт да. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, кызматкерлерди тартипке салат деп ишенип туралы.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ