Menu

2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоору каралды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев видеоконференция режиминде өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтин долбоорун талкуулашты.

Документ жалпы (концептуалдык) жоболордон жана интеграциялык биримдиктин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча 11 системалык блокко топтоштурулган чаралардын жана механизмдердин тизмесинен (330 позиция) турат.

Чаралардын жана механизмдердин тизмеси иш-аракеттердин планы – ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин интеграциясын мындан аркы өнүктүрүүнүн «Жол картасы» болуп саналат. Аны аткаруу 13 эл аралык келишимди, 60тан ашуун ЕАЭБ ченемдик-укуктук актыларын, Бирлик жөнүндө Келишимге, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына 25тей өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү иштеп чыгуу жана кол коюу камтылган.

Стратегиялык багыттардын чаралары жана механизмдери ЕАЭБдин бекитилген негизги документтерине ылайык ишке ашырылып жаткан иш-чараларды толуктайт жана өнүктүрөт (мисалы, «ЕАЭБдин мунайзат жана мунайзат продуктулары жалпы рыногун түзүү концепциясы», «ЕАЭБде газдын жалпы рыногун түзүү концепциясы», «ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү концепциясы»).

Жыйындын жыйынтыгында 2020-жылдын 19-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешин өткөрүүгө чейин газ жеткирүүнүн баасын түзүү боюнча маселени  кайра кароо чечими кабыл алынды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2020-жылдын июль айынын экинчи декадасында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: