Экс-премьер-министр Темир Сариевге байланыштуу тендер чыры боюнча Башпрокуратуранын тергөөчүсү Санжар Жантаев ишти тыкыр изилдеп атканы факт. Бирок илинчээк табылбай атыптыр. Сариев жана тендерге катышы бар кытайлар, күбөлөр да суралды. Темикеге “жармашкан” 6 млн. доллар азырынча имиш катары айтылып, кумга сиңген суудай болуп, жиги билинбей атканында кандай сыр бар? Тендерди уткан кытайлар ийин куушурган позицияда турушканы каңкууланды. Бул иш боюнча Башпрокуратура кандай жыйынтык чыгара турганы азырынча белгисиз. Эгер кытайлар Сариевге же анын жардамчысына көрсөтмө беришсе, чын эле 6 млн. доллардын изи чыкса, анда иш чатагына айланат. Азырынча бу жагы бүдөмүк бойдон калууда. Ким билет? Темике камырдан кыл сууругандай таза чыгышы да мүмкүн.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ