Menu

Быйыл түрмөгө камалган журналисттер рекорддук чекке жетти

Бөлүшүү:

Быйыл түрмөгө камалган журналисттердин саны рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитетинин иликтөөсүндө айтылат. Эң эле көп камоолор Түркияда болду.

Маалыматтарга карганда, 2016-жылдын 1-декабрына карата журналист-туткундардын саны 259 адамды түздү. Түркияда 81 кабарчы темир торго алынды. Алардын баары мамлекетке каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн деп айыпталышкан.

2014-2015-жылдары журналисттерди абакта кармоо боюнча алдыга озуп чыккан Кытай бул сапар экинчи орунда. 38 кабарчы камакка алынган. Андан кийинки тизмелерде Египет, Эритрея жана Эфиопия жайгашты. Дүйнө жүзү боюнча камалган журналисттердин үчтөн эки бөлүгү дал ушул беш өлкөгө туура келет.

«Маалымат чогулткан жана аларды таркаткан журналисттер коомдук кызматты аткарып келет. Алардын укуктары эл аралык мыйзамдар менен корголгон. Буга байланыштуу ушунча көп өкмөттөр эл аралык милдеттемелерин бузуп, журналисттерди камап жатканына биз айраң таң калдык», – деди комитеттин аткаруучу директору Джоэл Саймон.

Америка өлкөлөрүндө 2015-жылы түрмөлөрдө журналисттер такыр болгон эмес. Бул сапар төрт кабарчы камалган.

Журналисттерди коргоо комитети – көз карандысыз коммерициялык эмес уюм, ал дүйнөдөгү басма сөз эркиндигин коргойт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: