Menu

91 өлкө жарандары Кыргызстанда каттоосуз 30 күн жүрүүгө уруксат алат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтуусунда, токтом долбоорунда чет элдик жарандардын Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүүсүнө уруксат берүү сунушталган:

– Азыр бул документ коомдук талкууда. Бир жума ичинде кабыл алынат деген ойдобуз. Анда 91 өлкөнүн тизмеси жазылган. Долбоор туризмди өнүктүрүүгө оң таасир этет.

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек, деген мыйзам күчүнө кирген. Туризм, бизнес тармагындагы адистер бул жободон улам сырттан келгендердин укугу бузуларын, туристтерди тартууга терс таасир этерин айтып келишкен. 11-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы 90дон ашык мамлекет атуулдарына өлкөдө 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтом долбоорун өкмөткө сунуштап, ал коомдук талкууга коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: