Menu

Жалал-Абадда окуучуларга Президенттин белектери тапшырылды

Бөлүшүү:

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Ноокен районундагы эки окуучуга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун белектерин тапшырды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жаңы 2018-жылдын босогосунда Жалал-Абад облусунун аймагынан бир топ окуучулар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго атайын белек суранышып, кат менен кайрылышкан. Мамлекет башчысы бир топ окуучулардын өтүнүчтөрүн орундатып, өзүнүн белектерин жолдогон.

Ноокен районунун Масы айыл аймагынынын Масы айылындагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 3 классынын отличник окуучусу Чыңгыз Акматалиев Президентке Жаңы жылдык белек сурап, кат жазган. Окуучунун тилеги ишке ашып, Президенттин белегине татыктуу болду. Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев Чыңгыздын үйүнө баш багышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун ага жөнөткөн белегин тапшырды.

Президенттин ушундай эле белегине Достук айыл аймагына караштуу Ынтымак айылындагы №26 Тургунбай Анаркулов атындагы орто мектептин 3-а классынын отличник окуучусу Бактыгүл Молдобекова дагы татыктуу болду. Бактыгүл дагы Жаңы жылдын алдында мамлекет башчысына компьютер белек кылуусун суранып, кат жазган. Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев жергиликтүү бийлик башчылары менен биргеликте Бактыгүл Молдобекованын үйүнө барышып, 3-а класстын окуучусу Бактыгүлгө Президенттин жөнөткөн белегин тапшырды. Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Бактыгүлдүн апасы Нуржамалга кызына жакшы окуучунун сумкасын алып берүүсүн дайындап, өз жанына 5 миң сом акча тапшырды.

Жалал-Абад облусу боюнча 1-класстан 6-класска чейинки 8 окуучу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдон Samsuns Galaxsy Tad A планшет телефондорун белекке алышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: