Экс-президент Алмаз Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева доктордук диссертациясын жактаганын жана ага профессор деген наам берилгенин КР Жогорку аттестациялык комиссиясы билдирди.
Раиса Атамбаева Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда 26 жылдан бери иштеп келген жана Россиядагы Н.А. Семашко атындагы илим изилдөө институтунда “Кыргыз республикасында жаш өспүрүм кыздардын репродуктивдик ден соолугун коргоо жана калыптандыруунун медициналык-социалдык аспекттери” деген темада докторлук диссертациясын жактап, ал диссертациясы КР ЖАК тарабынан жактырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ