2016-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун буйругу менен Ош шаарында жайгашкан Ош шаарында жайгашкан “Карылар үйүнө” гуманитардык жардам бөлүп берилди. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Бөлүнгөн жардамды Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы дарегине жеткирип берди. “Боорукердик” интернат үйүндө кароосуз калган 26 улгайган адам жана 25 өспүрүм балдар камкордука алынган. Бөлүнгөн гуманитардык жардамдын негизин күндөлүк жашоого керектелүүчү азык түлүктөр жана кышкы жылуу одеялдардар түзөт.
Бөлүнүп берилген жардам:
– одеялдар – 100 даана;
– өсүмдүк майы – 100 кг.;
– чай (кара) – 100 кг.;
– ун – 500 кг.;
– ак кант – 100 кг;
– күрүч – 100 кг.;
– кесме – 100 кг.;
– вермишель – 100 кг;
Кошумча айтып кетксек, жакынкы күндөрү Бишкек шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Майыптар коомуна да гуманитардык жардам жеткирилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ