Бир сутка ичинде дагы 6 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде билдирди.
Алар Бишкек шаары, Ош шаары жана Нарын облусунда катталды.
Медициналык кызматкерлердин арасынан коронавирусту жуктуруунун жаңы учурлары:
Бишкек шаарында – 3,
Нарын облусунда – 2,
Ош шаарында – 1.
Кыргызстан боюнча жалпы 350 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алган. Алардын ичинен 249 медкызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ